Оозду чайкоо Ковид-19ду нейтралдаштырууда

Адистер 0,07 пайыз цетилпиридиний хлоридин камтыган ооз чайкагычтар Ковид-19ду 30 секундада нейтралдаштыра алаарын байкашкан.

1529760
Оозду чайкоо Ковид-19ду нейтралдаштырууда

Оозду чайкоонун коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) лабораториялык шартта 30 секунда таасирсиз кылганы маалымдалды.

Адистер 0,07 пайыз цетилпиридиний хлоридин камтыган ооз чайкагычтар Ковид-19ду 30 секундада нейтралдаштыра алаарын байкашкан.

Би-Би-Синин жаңылыктарына ылайык, Ковид-19га карата оозду чайкагычтын таасири Кардифф университетинин окумуштуулары тарабынан текшерилген. Изилдөө лабораториялык шартта пробиркада адамдын мурун жана ооз каналдарындагы кырдаалды окшоштуруп жүргүзүлдү.

Эксперттер 0,07 пайызга цетилпиридиний хлоридин камтыган оозду чайкаган адам Ковид-19ду 30 секундада инактивдештире алаарын байкаган.

Табылгалар оозду жуу менен, шилекейдеги вирусту жок кылууга жардам берет деп божомолдоп жатса, анын Covid-19 дарылоо үчүн натыйжалуу дарылоо экендиги жөнүндө эч кандай далил жок.



Тектеш кабарлар