Израиль армиясы Сирияга абадан кол салды

Израиль армиясы Сирияда Башар Асад режими жана Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс күчүнө таандык аскердик буталарга абадан кол салды.

1529995
Израиль армиясы Сирияга абадан кол салды

Израиль армиясы Сирияда Башар Асад режими жана Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс күчүнө таандык аскердик буталарга абадан кол салды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль реактивдеринин Асад режими жана Кудс күчүнө таандык кампа менен абадан коргонуу системалары да араларында болгон 8 аскердик бутанын атылгандыгы белгиленди.

Абадан кол салуунун кечээ Сирия чек арасынын Израиль тарабында болгондугу  билдирилген көп сандаган жарылуучу заттарга карата болгондугу  маалымдалды.

Асад режимине караштуу маалымат агенттиги САНА аскердик булакка негизделген кабарында Израиль басып алган Голан дөңсөөлөрү аркылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 03: 11де Дамасктын түштүгүндө режимге таандык кээ бир аскердик пункттарга абадан кол салуу болгондугун белгилеген.

Израиль армиясы кечээ Сирия чек арасынын Израиль тарабынан көп сандаган жарылуучу заттардын табылгандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар