Германияда мечитке үчүнчү жолу кат жиберилди

Германиянын Дуйсбург шаарындагы мечитке үчүнчү жолу исламофобиялык жана расисттик билдирүүлөр камтылган кат жөнөтүлдү.

1525782
Германияда мечитке үчүнчү жолу кат жиберилди

Германиянын Дуйсбург шаарындагы мечитке үчүнчү жолу исламофобиялык жана расисттик билдирүүлөр камтылган кат жөнөтүлдү.

Түрк - ислам дин иштери биримдиги DİTİB ге мүчө болгон Мурадие мечитине жиберилген катта түрктөр менен мусулмандарга карата катуу акаараттар жазылган.

Түрк - ислам дин иштери биримдиги Мурадие мечити коомунун төрагасы Рамазан Жейлан Мюнхенден почта аркылуу жиберилген каттагы  аты - жөнү жана дареги жасалма экенин божолдошкондорун айтты.

Мечитке жиберилген катты полиция жана жергиликтүү башкаруу менен бөлүшкөндөрүн айткан Жейлан, бул Ковид-19 эпидемиясы учурунда мечиттерине жиберилген исламофобиялык жана расистикти камтыган үчүнчү кат экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар