АКШда эл Байдендин жеңишин куттуктап, Трамптын тарапташтары нааразычылыгын билдирүүдө...

АКШдагы президенттик шайлоо кээ бир штаттарда саналып жатса дагы, Пенсильвания жана Невада штаттары жарыялангандан кийин, учурдагы президент Дональд Трамп шайлоодо демократиялык атаандашы Байденге утулуп калганы белгилүү болду.

1523826
АКШда эл Байдендин жеңишин куттуктап, Трамптын тарапташтары нааразычылыгын билдирүүдө...

Бейрасмий жыйынтыктарга ылайык, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) өткөн 59-президенттик шайлоодо демократ Жо Байден жеңди деп жарыялангандан кийин көптөгөн шаарларда куттуктоолор өткөрүлүп жатат.

АКШдагы президенттик шайлоо кээ бир штаттарда саналып жатса дагы, Пенсильвания жана Невада штаттары жарыялангандан кийин, учурдагы президент Дональд Трамп шайлоодо демократиялык атаандашы Байденге утулуп калганы белгилүү болду.

Американын Ассошиэйтед Пресс (AP) маалымат агенттигинин расмий эмес жыйынтыктарына ылайык, Байден 46-президент деп жарыялагандан кийин миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

Эртең менен борбор калаа Вашингтондо Ак үйдүн алдына чогулган эл Байденди колдогон ураан чакырып, музыка менен бийлешти.

Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Сан-Франциско жана Чикаго сыяктуу шаарларда эл аянтка чогулду же шайлоонун жыйынтыгын белгилөө үчүн унааларынан сигнал чыгарып айдашты.

Экинчи жагынан, АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодо расмий эмес жыйынтыктарга караганда уттургандан кийин, Трампты колдогон топтор айрым штаттардагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушту.

Куралдуу топтор Жоржиядан Аризонага, Техастан Пенсильванияга, Орегондон Мичиганга чейинки көптөгөн штаттардын конгресс имараттарынын алдына чогулуп, шайлоонун расмий эмес жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип, «Бүтө элек», «Уурулукту токтот» деген ураандар менен чыгышты.



Тектеш кабарлар