ЕБ Асад менен Лукашенкого санкция киргизди

Билдирүүдө санкциялардын тизмесинде 70 уюмдун бар экендиги эске салынды.

1523476
ЕБ Асад менен Лукашенкого санкция киргизди

Европа Биримдиги (ЕБ) Сириядагы Башар Асад режиминин жаңы дайындалган дагы 8 министрин санкция салына турган кишилердин тизмесине киргизди.

Европа Биримдиги Кеңешинин билдирүүсүндө, Асад режими жана анын тарапкерлерине карата санкциялар тизмесинин кеңейтилгени белгиленди.

Акыркы кошулгандар менен бирге Асад режиминен санкция салынган кишилердин саны 288ге жеткени жана бул адамдарга саякатка тыюу салынып, алардын мүлктөрүнүн тоңдурулгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле санкциялардын тизмесинде 70 уюмдун бар экендиги эске салынды.

Санкциялар, саякатка тыюу салууну жана мал-мүлктөрүн тоңдурууну камтыйт.

Экинчи жагынан, ЕБ Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкону санкциялар тизмесине киргизди.

ЕБ Кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Лукашенко жана анын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Виктор Лукашенко баш болгон 15 адам Белоруссияга каршы санкциялардын алкагына кирди. Бул тизмеде Президенттик Администрациянын башчысы Игорь Сергеенко жана Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасы Иван Тертел сыяктуу адамдар дагы бар.

Август айында Белоруссияда өткөн шайлоодон кийин оппозициянын митингдеринин күч менен токтотулушунан улам санкция чечиминин кабыл алынганы белгиленди. Акыркы чечим менен Белоруссиянын администрациясынан санкцияланган адамдардын саны 59га жетти.

ЕБнин санкцияларына саякатка тыюу салуу, мүлктөрүнүн тоңдурулушу жана ЕБнин жарандары менен компанияларынын бул кишилер менен каржылык мамилелерине тыюу салуу кирет.



Тектеш кабарлар