АКШдагы президенттик шайлоо

Шайлоонун жыйынтыктары дагы деле тактала элек.

1523448
АКШдагы президенттик шайлоо

3-ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоодо добуштарды саноо улантылып жаткан Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында республикачыл Дональд Трамп менен демократ Жо Байдендин тарапкерлери каршылык акцияларын өткөрүштү.

Республикачыл Дональд Трамп менен демократ Жо Байдендин колдоочулары каршылык минингдерин өткөргөн шаарда, полиция эки тараптын ортосунда кандайдыр бир баш аламандыкка жол берген жок.

Жалпысынан 71 делегатты өкүлдүк кылган Пенсильвания, Түндүк Каролина, Жоржия, Аризона, Невада жана Аляска штаттарында шайлоонун жыйынтыктары дагы деле тактала элек. Трамп Түндүк Каролина жана Аляскадагы жарышта алдыда баратса, Пенсильвания, Невада, Аризона жана Жоржия штаттарында Байден алдыга чыгууга жакын калды.

Добуштар саналып бүткөн штаттардагы расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Демократиялык партиянын талапкери мурдагы вице-президент Жо Байдендин 264, ал эми Республикалык партиянын талапкери президент Дональд Трамптын 214 делегаты бар.

Бир штатта добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон талапкер, ошол штаттын калкынын санына жараша делегаттардын бардыгын утуп алса; президенттик жарышта жеңишке жетүү үчүн талапкер 270 делегатка ээ болушу керек.

Шайлоонун жеңүүчүсү азырынча белгисиз болуп турганда, республикачылардын президенттикке талапкери АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттер баракчасынан билдирүү жасады.

Трамп: «Жо Байден адилетсиз түрдө президентмин деп жар салбашы керек. Мен дагы ушундай сөздөрдү айта алмакмын. Сот процесси жаңы башталып жатат»,- деди.  

Экинчи жагынан, Дональд Трамп кечээ кечке чейин алдыда келе жаткан, бирок бүгүн эртең менен демократ Жо Байден лидерликти колго алган Пенсильваниядагы добуштарды саноо сотко өткөрүлдү. Республикалык партия орчундуу Пенсильвания штатындагы добуштарды саноону токтотуу үчүн Жогорку Сотко кайрылды. Пенсильвания штатында добуштардын 96 пайызы саналып бүттү жана Байден Трампка салыштырмалуу 13000ге жакын добуш менен жарышта алдыда баратат.



Тектеш кабарлар