АКШдагы шайлоонун белгисиздиги улантылууда

АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыктарын белгилеши күлүп жаткан штаттардан Жоржияда Демократия партиясынын талапкери Жо Байден алдыга чыкты.

1523182
АКШдагы шайлоонун белгисиздиги улантылууда

АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыктарын белгилеши күлүп жаткан штаттардан Жоржияда Демократия партиясынын талапкери Жо Байден алдыга чыкты.

«Washington Post» гезитинде орун алган кабарга караганда добуштардын 98 пайызы саналган штатта Байден 2 миллион 449 371 добуш алса Республикачыл партиянын талапкери болгон президент Дональд Трамп 2 миллион 448 454 добушка жетишти.

Шайлоо жыйынтыктарындагы жаңылануудан кийин кечээтен тарта Трамп 1267 добуштук айырмачылык менен алдыда бараткан аймактагы жарыш 917 добуштук айырмачылык менен Байдендин пайдасына айлангандай көрүнүүдө.

16 тандоочу делегацияга ээ аймакта добуштарды саноо улантылууда.

АКШда президенттик шайлоодон бери эки күн өткөнүнө карабастан кайсы талапкердин ийгиликтүү болгонудугу дагы деле белгисиз.

Добуштарды саноо аяктаган штаттардагы убактылуу жыйынтыктарга караганда  Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден 253 тандоочу  добушту алса,  Республикалык партиянын талапкери, президент Дональд Трамп 214 тандоочу добушун алды.  

Бир талапкердин шайлоодо жеңиш менен чыгышы үчүн 270 тандоочу добушун алышы керек.

Жалпы 71 тандоочунун өкүлү болгон Пенсильвания, Түндүк Каролина, Жоржия, Аризона, Невада жана Аляска  штаттарында шайлоонун жыйынтыктары дагы деле тактала элек.

Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Аляскада Трамп алдыда бара жатса Невада, Аризона жана Жоржияда Байден алдыда. Жыйынтыктар али тактала элек алты штатта алдыга чыккан талапкер ийгиликтүү боло турган болсо Байден Аризона, Невада жана Жоржиядан ала турган жалпы 33 тандоочу добуш менен тандоочу добушун 286га чыгарып шайлоодон жеңиш менен чыгуу үчүн керектүү болгон 270 добушка жеткен болот.

Тармп алдыга чыккан Пенсильванияда, Түндүк Каролина жана Аляскада алдыга чыгып, жалпы 38 тандоочу добушу менен 252ге жеткирет жана шайлоодо экинчи орунду алат.

Тең тайлаша бара жаткан штаттардагы шайлоонун түрдүү жыйынтыкталышы тандоочу добуштардын арифметикасын эки талапкердин пайдасына өзгөртүшү мүмкүн.



Тектеш кабарлар