АКШдагы президенттик шайлоонун белгисиздиги, нааразычылыктар...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) 59-президенттик шайлоосундагы белгисиздик жана почта добуштары боюнча талаш-тартыштар көптөгөн штаттарда нааразычылыкка себеп болду.

1522300
АКШдагы президенттик шайлоонун белгисиздиги, нааразычылыктар...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) 59-президенттик шайлоосундагы белгисиздик жана почта добуштары боюнча талаш-тартыштар көптөгөн штаттарда нааразычылыкка себеп болду.

Демонстранттар экинчи түнү бүткүл өлкө боюнча, айрыкча Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго жана Лос-Анжелесте көчөлөргө чыгышты.

Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байден шайлоодо жеңип чыккан Нью-Йорктогу эки башка аймакта көчөгө чыккан демократиялык шайлоочулар, Манхэттендин 5-проспектисиндеги Trump Tower имаратынын жанында маалыматтык билдирүү жасаган соң жөө жүрүшкө чыгышты.

Юнион аянтына жакын жолду тоскон митингчилер полициянын кийлигишүүсүнө туш болушту, демонстранттардын көпчүлүгү полиция тарабынан камакка алынды.

Филадельфия, Детройт жана Чикаго сыяктуу шаарлардагы демонстранттар «Бардык добуштарды эсептегиле» деген ураандар менен тынчтык жүрүштөрүн өткөрүшсө, президенттик жарыштын негизги штаттарынын бири Мичиганда окуялар башталды.

Кечээ Лос-Анжелес шаарында өткөн демонстрацияларда камакка алуулар болуп жатса, бүгүн полициянын алгачкы иш-аракеттеринин натыйжасында тынчыраак нааразычылык жүрүшү өттү.

Май айында Африка тектүү Жордж Флойд полиция тарабынан өлтүрүлгөн Миннеаполисте, I-94 унаа жолун тоскон демонстранттар камакка алынган.

Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында 30 адамдан турган топ республикачылардын талапкери Дональд Трамптын мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкендигин жарыялаганына тынч нааразычылыгын билдиришти, ал эми борбор шаар Вашингтондогу полиция департаменти демонстрация эрежелерин бузуп, агрессия жана зомбулукка үндөгөн 4 адам кармалганын жарыялады.

Мичиган штатындагы Детройт шаарында, Республикачыл партия добуштардын кайрадан саналышын каалап жатканда, республикачылардын бир тобу добуштарды эсептөө борборуна алып барбаган чиновниктер менен талашып-тартышты.

«Киргиле»,  « Санакты токтоткула» деп кыйкырган топту полиция күч менен таркаткан.

Нааразылык акциялары эртең көптөгөн шаарларда уланат деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар