Грузияда шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылык билдирилди

Борбордук Шайлоо Комиссиясы жарыялаган расмий эмес жыйынтыктарга нааразы болгон миңдеген адамдар оппозициялык партиялардын жетекчилиги астында митингге чыгышты.

1520128
Грузияда шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылык билдирилди

31- октябрда Грузияда өткөн жалпы шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган оппозициялык партиялардын тарапкерлери борбор шаар Тбилисиде нааразычылык акциясына чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоого чакырышты.

Борбордук Шайлоо Комиссиясы жарыялаган расмий эмес жыйынтыктарга нааразы болгон миңдеген адамдар оппозициялык партиялардын жетекчилиги астында митингге чыгышты.

Борбор шаар Тбилисиде  парламент имаратынын алдында болгон нааразычылык акциясында сөз сүйлөгөн оппозиция лидерлери өкмөттү шайлоо жыйынтыктарын өзгөртүү менен күнөөлөдү.

Оппозициянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай тургандарын,  парламентке келишпей тургандарын жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону талап кылгандарын билдиришти. Ошондой эле партиялар эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын кабыл албоого үндөштү.

Оппозициялык партиялар 8 – ноябрда борбор Тбилисиде уюштура турган нааразычылык акцияларында талаптарын кайталай тургандыктарын билдиришти.

150 депутатты белгилөө  үчүн өткөрүлгөн шайлоодо бийликтеги Грузин кыялы партиясы 48,01 пайыз добуш менен биринчи орунду ээлесе, негизги оппозициялык партия Бириккен Улуттук Кыймыл башында турган "Бириккен Улуттук Кыймыл - Бириккен Оппозиция" 27,12 пайыз менен экинчи орунду ээледи.

Жыйынтыкка караганда 9 саясий партия бир пайыздык босогодон өтүп, парламентке келиши күтүлүүдө.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар