Бейрутта Түркияга колдоо митинги өттү

Өткөн жумада Ливандын борбор шаары Бейрутта бир группа армян тарабынан түрк элчилигинин алдында өткөрүлгөн митигге каршы Түркияга колдоо митинги болду.

1520113
Бейрутта Түркияга колдоо митинги өттү

Өткөн жумада Ливандын борбор шаары Бейрутта бир группа армян тарабынан түрк элчилигинин алдында өткөрүлгөн митигге каршы Түркияга колдоо митинги болду.

Борбор шаар Бейруттун шаар борборундагы Кола аймагында чогулган Мардин тектүү ливандык жарандар чогулушкан жерде түрк жана Ливан байрактары ошондой эле Президент Р. Т. Эрдогандын сүрөттөрү менен кооздоп, армяндардын кыймылына каршы Түркияга болгон колдоолорун көрсөтүштү.

Ливан жана Түркиянын улуттук гимни аткарылгандан кийин Измирде жума күнү болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн бир минуталык эскерүүдө болуп, дуа кылган группа Түркияны республикасы жана Президент Эрдоганды колдоо ураандары менен жүрүштү.

Ливандагы армян Ташнак партиясына мүчө бир группа өткөн жумада Түркиянын Бейрут элчилик имаратынын алдында чогулуп, коопсуздук күчтөрүнө таш жана фейерверктер менен кол салышкан.

Басып алынган жерлерин куткаруу үчүн күрөшкөн Азербайжанга Түркиянын берген колдоосуна каршы чыккан группа Түркия жана Азербайжанга каршы  ураандар менен 1 саат жүргөндөн кийин Азербайжан, Түркия жана Израиль байрактарын өрттөшкөн.

1920 -  жылдардан тарта Ливанга көчө баштаган жана Бейрутта жашаган мардиндиктердин 17 000ге жакыны түрк жана Ливан жарандыгына ээ.



Тектеш кабарлар