Коронавирустун экинчи толкуну дүйнө жүзүнүн шаштысын кетирүүдө

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 155 миң 265тен ашты.

1515437
Коронавирустун экинчи толкуну дүйнө жүзүнүн шаштысын кетирүүдө
super covid19 genel
super covid19 fransa
radar covid.jpg
super covid-19

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 155 миң 265тен ашты. Оорулардын санынын өсүшү экинчи толкундун айрыкча Европада күч алып жаткандыгын айгинелейт. Бул илдетке чалдыккандардын саны 42 миллион 976 миң 980ден ашты. Айыгып кеткендердин саны 31 миллион 683 миң 845 болду.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 230 миң 68ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 827 миң 932ге жетти. АКШнын вице-президенти Майк Пенстин жакын командасындагы эки ысым коронавируска кабылды деп жарыяланды. Пенстин пресс-кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Майк Пенстин атайын калемгери Марк Шорт жана анын эң жакын кеңешчиси Марти Обст Ковид-19га кабылганы айтылган. Билдирүүдө Пенстин жана анын жубайы Карен Пенстин анализдери негатив экени жана экөөнүн айланасындагы адамдар менен байланышта зарыл болгон чараларды көрүшкөнү айтылган.

Улуу Британияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 44 миң 745ке жетти. Өлкөдө бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 854 миң 10 деп катталды.

Италияда эпидемиядан каза болгондордун саны 37 миң 210го жетти. Өлкөдө вируска кабылгандардын саны дагы 504 миң 509га чейин көбөйдү. Баш калаа Рим шаарында Ковид-19 эпидемиясынын жайылышына каршы көрүлгөн чараларга реакция иретинде уюштурулган нааразычылык акциясында 2 коопсуздук кызматкери жаракат алып, 10 киши кармалды.

Ковид-19дан улам 34 миң 645 өлүм катталган Францияда акыркы 24 саатта 45 миң 422 жуктурган учур катталды. Бул көрсөткүч эпидемия башталгандан бери өлкөдө жана Европада катталган бир күндүк эң жогорку көрсөткүч болду. Францияда ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 86 миң 497 болду.

Ковид-19дан 28 миң 613 адам каза болгон жана ушул кезге чейин 1 миллион 81 миң 336 адамга жуккан Аргентинада президент Альберто Фернандес, Айресте жана анын айланасында чара көрүүлөр 8-ноябрга чейин узартылгандыгын жарыялаган.

Мексикада акыркы 24 саат ичинде Ковид-19дан 431 адам каза болуп, 6025 жаңы учур аныкталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 88 миң 743кө, ал эми оорулардын саны 886 миң 800гө көбөйдү.

Колумбияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 198 адам каза болуп, каза болгондордун саны 30 миңге жеткен. Ушул эле мезгилде 8 миң 769 учур аныкталган өлкөдө, жуктургандардын саны 1 миллион 7 миң 711ге чейин көбөйгөн.

Перуда акыркы күнү 62 адам каза болуп, 1108 жаңы Ковид-19 учуру катталды. Өлкөдө адамдардын өлүмү 34 миң 33кө, ал эми жуктаргандардын саны 886 миң 214кө жетти. 32 миллионго жакын калкы бар Перу «дүйнөдөгү эң көп жуктурган учур катталган жана Ковид-19дан каза болгон 10- өлкө» абалында...

Ковид-19дан 235 өлүм жана 21 миң 274 учур катталган Словенияда тышкы иштер министри Анзе Логардын да Ковид-19 тестинин позитив чыккандыгы кабарланды.



Тектеш кабарлар