Трамп менен Байден акыркы дебатка катышты

Акыркы түз эфирдеги дебатта ички жана тышкы саясаттын ортосунда айырмачылыктар байкалды.

1514549
Трамп менен Байден акыркы дебатка катышты

АКШда президенттикке талапкерлер республикачыл Дональд Трамп менен демократ Жо Байден экинчи жолу дебат программасына катышышты.

АКШда 3-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого аз калганда Трамп менен Байден, Теннесси штатынын Нэшвилл шаарындагы Белмонт университетинде NBC каналынын алып баруучусу Кристен Уэлкер модераторлук кылган дебатта бетме-бет жолугушту.

Трамп менен Байденди тирештирген экинчи жана акыркы түз эфирдеги дебатта ички жана тышкы саясаттын ортосунда кескин айырмачылыктар пайда болуп, Россия жана Кытай менен болгон мамилелер темасы чыңалууну жаратты.



Тектеш кабарлар