НАТОдон Түркия - Греция билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен Грециянын ортосунда түзүлгөн механизмден кубанычтуу экендигин билдирди.

1514356
НАТОдон Түркия  - Греция билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен Грециянын ортосунда түзүлгөн механизмден кубанычтуу экендигин билдирди.

Жыйында Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалды карап чыгышкандарын белгилеген Столтенберг министрлердин укук жана союздаштык колдошуунун негизинде аймакта чыңалууну азайтуу керектиги тууралуу макулдашышкандыгын айтты. Столтенберг сөзүн төмөнкүчө улантты : «НАТОнун коргоо министрлери Чыгыш Жер Ортолук деңизде окуяларды жана кырсыктарды алдына алууну максат кылган НАТОдогу кагылышуулардын алдын тосууга карата механизмге күчтүү колдоо берди. Абада жана деңизде адамдардын өлүмүн алдына алуу оор бир жоопкерчилик. Муну бир гана кемелерибиздин капитандарынын жана учактарыбыздын учкучтарына жүктөй албайбыз. Саясатчы катары  биз келишпестиктерибизди чечүү үчүн аткара ала турган бардык нерсени аткаруубуз керек».

Бөлүү процедураларынын механизми саясий сүйлөшүүлөр үчүн жер ача алаарын белгилеген Столтенберг, чалгындоо сүйлөшүүлөрү Германиянын аракеттери менен башталат деп ойлошкондорун  жана механизмдин муну колдой тургандыгын айтты.

Столтенберг Греция жана Түркиянын мындай механизмди түзгөндүгүнө кубанычтуу экендигин белгилеп, тараптардын  7 күн 24 саат байланышта боло турган каналдын түзүлгөндүгүн айтып : «Бул механизмдин кандай ишке ашарын жана күчтөндүрүлө аларын карап жатабыз»,- деди.

Столтенберг : «Түркия менен Греция НАТО штабында күнүмдүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Келишпестиктер жана айырмачылыктар бар. Бүгүнкү министрлер  жыйынында булар да сөз болду. Кагылышууну алдына алууга карата механизмге, диалогго, чыңалуунун түшүрүлүшүнө жана НАТОдогу механизмди кандай күчтөндүрөрүбүзгө абдан кенен колдоо бар эле»,- деди.

 



Тектеш кабарлар