Израиль Газага абадан кол салды
Израиль армиясы буга чейин Газадан еврей конуштары тарапка атылган ракеталардын зыянсыздаштырылганын жарыялаган.
Израиль учактары Газада бир пунктка абадан кол салды.
Израиль армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае твиттердеги маалыматында Хамаска таандык туннелдин аскердик учактар менен атылганын билдирди. Адраеинин айтымында, кол салуу Газадан Израилге карата ракетанын атылышы менен ишке ашты.
Бир тараптан, күбөлөр Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал - Белахтын чыгышындагы дыйканчылык жерлеринин кеминде 3 ракета менен бутага алынганын билдиришти.
Кол салууда адам өмүрү кыйылбаганы кабарланды.
Израиль армиясы буга чейин Газадан еврей конуштары тарапка атылган ракеталардын зыянсыздаштырылганын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.