АКШда акыркы сурамжылоого караганда Жо Байден алдыда

Жо Байден атаандашы президент Дональд Трамптан 9 бал алдыда баратат.

1513062
АКШда акыркы сурамжылоого караганда Жо Байден алдыда

АКШда президенттик шайлоо үчүн жүргүзүлгөн акыркы сурамжылоодо Демократ партиясынын президенттикке талапкери Жо Байден атаандашы президент Дональд Трамптан 9 бал алдыда баратат.

Нью Йорк Таймс жана Siena College тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо америкалык шайлоочулардан 3 -  ноябрда боло турган АКШдагы президенттик шайлоого 2 жума калганда өлкөдөгү негизги маселелер жана талапкерлердин мамилеси жөнүндө суроолор суралды.

Сурамжылоого караганда, өлкө башкаруусу, жаңы тип коронавирус эпидемиясы, саламаттыкты сактоо сыяктуу негизги темаларда катышуучулардын 50 пайызы Байденге көбүрөөк ишенсе, Трампка болгон ишеним 41 пайыз менен атаандашынан 9  балл артта экендиги белгиленди.  

Нью - Йорктогу сурамжылоо тууралуу кабарда : "Сурамжылоо көрсөткөндөй, Трамп президент болуп турганда чоң маселелер тууралуу күтүүлөргө жооп бере албагандыктан жемеге калгандыгын көрсөтүүдө",- деп билдирилди.

 15  -18 - октябрда жүргүзүлгөн улуттук сурамжылоого миңге жакын шайлоочу катышкан.



Тектеш кабарлар