Сирияда нан кризиси күч алууда

Асад режими көзөмөлүндөгү аймактарда адамдардын негизги муктаждыктарын камсыз кылууда кыйынчылык тартууда.

1512447
Сирияда нан кризиси күч алууда

Сирияда Башар Асад режими, өзү көзөмөлдөгөн аймактарда негизги муктаждыктарды камсыздай албагандыктан, акыркы мезгилде күчөп жаткан нан кризисинин алдын ала албай жатат.

Сирияда улантылып жаткан жарандык согушта өлкөнүн бардык каражаттарын элге каршы ачкан согушта жумашаган Асад режими көзөмөлүндөгү аймактарда адамдардын негизги муктаждыктарын камсыз кылууда кыйынчылык тартууда.

Бул аймактарда азыркы учурда узун убакыттан бери болуп келе жаткан күйүүчү май кризиси, башка кризистерди да алып келди.

Аймактагы нан кризиси акыркы эки жумадан бери күч алуу менен аймак калкынын бүтпөгөн кыйынчылыгына айланды.

Күйүүчү май кризисинин айынан борбор Дамаск, Халеп, Хомс жана Хама сыяктуу эл көп болгон шаарларда кээ бир нан бышыруучу жерлер иш токтотууга чейин келди.

Жүз миңдеген кишини өлтүрүп бийлигин улантууга аракет кылган Асад режими азыркы учурда көзөмөлгө алган аймактардагы нан бышыруучу жерлерге ун бере албай жатат.

Режим аймагындагы үй  - бүлөлөр үйлөрүнө анан алып баруу үчүн нан бышыруучу жерлерде узун убакыт кезекте күтүшүүдө.

Сирия жарандык согуштан мурда буудай экспорттогон өлкөлөрдүн арасында орун алган.



Тектеш кабарлар