ЮНИСЕФ шприц камдап жатат

Уюмдун коронавирустук вакцинанын тез, коопсуз жана сапаттуу таратылышы үчүн керектүү даярдыктарды көрө баштагандыгы белгиленди.

1512171
ЮНИСЕФ шприц камдап жатат

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) коронавирустук вакцина үчүн 520 миллион шприц камдаарын билдирди.

ЮНИСЕФ тарабынан жасалган билдирүүдө, уюмдун коронавирустук вакцинанын тез, коопсуз жана сапаттуу таратылышы үчүн керектүү даярдыктарды көрө баштагандыгы белгиленди.

Ковид-19 вакцинасы колдонууга даяр болгондон кийин миллиондогон дозалык вакцина үчүн шприцтердин керек болоору айтылган билдирүүдө ЮНИСЕФтин 2021-жылга чейин 520 миллион шприц жана колдонулган шприцтерди коопсуз түрдө жок кылуу үчүн 5 миллион таштанды салуучу куту камдай турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар