Дүйнөнүн 10 пайызы ачкачылык менен күрөшүүдө

Дүйнөдө 10 пайызын түзгөн 821, 6 миллион киши дүйнөдө жетерлик тамактана албаса, бул сандын 60 пайызын саясий туруктуулук болбогон, согуштар менен ички кагылышуулар болго аймактардагы кишилер түзүүдө

1510321
Дүйнөнүн 10 пайызы ачкачылык менен күрөшүүдө

 

Дүйнөдө 10 пайызын түзгөн 821, 6 миллион киши  жетерлик тамактана албаса, бул сандын 60 пайызын саясий туруктуулук болбогон, согуштар менен ички кагылышуулар болго аймактардагы кишилер түзүүдө.

БУУнун дүйнөлүк тамак  - аш программасы Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму менен тамак  - аш жана айыл – чарба уюмунун отчетторунан алынган маалыматка караганда жетерсиз тамактануу,  ачкачылык, өзгөчө Африка өлкөлөрүндө өлүмдөр менен ооруларга каршы чыдай албай турган абалга келүүнүн негизги себептеринин арасында орун алууда.

Дүйнөдө  462 миллион кишинин жетерсиз тамактануу жана ачкачылык менен күрөшүп жаткандыгын белгилеген ДСУнун маалыматына караганда 5 жашка чейинки 205 миллиондон ашуун бала ачка же килограммы жашына же боюна караганда абдан төмөн. 5 жашка чейинки каза болгон балдардын 45 пайызы жетерлик тамактанбаганы үчүн же ачкачылыктан каза болууда.

Ачкачыылктан өлүм катнашы жогору болгон материк катары Арика алдыга чыкты.

Азия материгинде 500 миллионго жакын киши ачкачылык менен күрөшүп, дүйнөдө боюна же жашына караганда килограммы аз болгон ар бир 10 баладан тогузу Азия жана Африкада жашап жатат. Дүйнөдөгү ар бир 4 семиз баладан үчөөсү дагы ушул эки материкте. Бул аймактардагы семиздиктин себеби катары туура эмес тамактануу белгиленүүдө.

Ачкачылык жана жетерсиз тамактануу өлүм менен бирге килограммы аз балдардын төрөлүшүнө себеп болууда.

Дүйнөдө дээрлик ар бир 10 баладан үчөөсү 2 жарым колограммдын астында төрөлүп, Африка материгинде төрөлгөн балдардын 51, 7 пайызы идеалдуу килограммдын астында төрөлүүдө. Бул катнаш Азияда 23, 1 пайыз, Латын Америка жана Кариптерде 7,7 деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар