АКШ менен Франция Чыгыш Жер Ортолук деңизинде машыгуу өткөрүүүдө
Биргелешкен машыгуу Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өткөрүлүп жатат.
Америка Кошмо Штаттарынын аскер-деңиз флотунун "USS Roosevelt" кемеси менен Француз флотунун "FS La Fayette" фрегаты Чыгыш Жер Ортолук деңизинде биргелешкен машыгууларды өткөрүп жатышат.
АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн билдирүүсүндө, Arleigh Burke үлгүсүндөгү «Рузвельт» чабуул коюучу кемеси менен Франциянын NS FS La Fayette фрегаты Чыгыш Жер Ортолук деңизинде биргелешкен операция жана маневр кылуу менен бирге байланыш жана жалпы тактикалык чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча машыгып жатканы айтылды.
Билдирүүдө: «АКШнын аскер-деңиз флотуна таандык кемелер НАТОнун союздаштары жана өнөктөш күчтөр менен кызматташуу жана аймактык деңиз коопсуздугун чыңдоо үчүн биргелешкен машыгуу операцияларын жүргүзүүдө» делди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.