ПККнын Синжардагы лагерлери видеого тартылды

Анадолу агенттиги (AA) 6 жылдан бери Мосулдун Синжар районунда активдүү кыймылын жүргүзгөн, аскердик жана саясий иш-аракеттерди жүргүзгөн ПККнын лагерлерин жана саясий иш-аракеттерин видеого тартып көрсөттү.

1508277
ПККнын Синжардагы лагерлери видеого тартылды

Багдад-Эрбил келишиминде Ирактын Мосул шаарына караштуу Синжар районунда уя салуусу токтотула турганы каралган жикчил террордук уюм ПКК, аймакта болуусун улантууда.

Анадолу агенттиги (AA) 6 жылдан бери Мосулдун Синжар районунда активдүү кыймылын жүргүзгөн, аскердик жана саясий иш-аракеттерди жүргүзгөн ПККнын лагерлерин жана саясий иш-аракеттерин видеого тартып көрсөттү.

Ирак өкмөтү менен Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун (ИКАБ) ортосунда түзүлгөн келишимде ПККнын Синжарда болушун токтотуу пункту уюмдун аймакта турганын дагы бир жолу күн тартипке алып чыкты.

АА, террордук уюм ПККнын Синжардагы лагерлерин видеого тартып, уюмдун аймакта болуусу улантылып жаткандыгын ачыкка чыгарды.

АА кабарчысы тарткан кадрларга караганда, ПКК террористтери жайгаштырылган Синжардын машыгуу лагерлери, жасалма элдик жыйындар жана өткөрүү пункттары орун алган.

9-октябрда баш калаа Багдадда өткөрүлгөн жыйында Багдад менен Эрбилдин ортосунда талаштуу статуска ээ аймактардын бири катары белгилүү болгон жана террордук уюм ПККнын уюгуна айланган Синжардагы көйгөйлөрдүн чечилишине байланыштуу келишимге жетишилгендиги жарыяланды.

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми баштаган жыйынга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ирак боюнча атайын өкүлү Жанин Хеннис, ИКАБ делегациясы жана Езид коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Террордук уюм ПКК 2014-жылы ДАЕШты шылтоо кылып, Синжарга жана анын айланасына отурукташкан.



Тектеш кабарлар