Эртең Тажикстанда президенттик шайлоо өтөт
5 миллионго жакын катталган шайлоочу жалпы өлкөдөгү 68 шайлоо округунда курулган 3 414 үкөктө добуш берет.
Тажикстанда эл президенттик шайлоо үчүн эртең добуш беришет. Тажикстанда шайлоодо 5 партиялуу талапкер президенттик орундук үчүн ат салышат. 5 миллионго жакын катталган шайлоочу жалпы өлкөдөгү 68 шайлоо округунда курулган 3 414 үкөктө добуш берет.
Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дө башталат жана 20:00дө аяктайт.
Шайлоодо Дыйкандар партиясынын лидери Рустам Латифзаде, Социалист партиянын лидери Абдухалим Гаффарзаде, Экономикалык реформалар партиясынын лидери Рустам Рахматзаде жана Коммунист партиясынын лидерри Мираж Абдуллоев менен бийликтеги Элдик демократ партиясынын талапкерлиги көрсөтүлгөн президент Имамали Рахман жарышат.
Шайлоону көп сандаган өлкө менен араларында Шанхай Кызматташтыгы Уюму, КМШ, ЕККУнун демократиялык мекемелери менен Адам укуктары офиси да болгон эл аралык мекемелерден 150гө жакын байкоочу менен 200дөн ашуун журналист изилдейт.
Президент 7 жылдык убакыт менен шайланган өлкөдө акыркы жолу 2013 - жылы 6 - ноябрда болгон жана 6 талапкер жарышкан президенттик шайлоодо добуштардын 83,92 пайызын алган Имамали Рахман төртүнчү жолу президент болуп шайланган.