Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Виус дагы деле жайылып жатат.

1505287
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
KORONA SÜPER
koronavirus filyasyon.jpg
aa koronavirüs aşısı genel.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 61 миңден ашты. Жуктуруп алгандардын саны болсо 36 миллион 430 миңден, ал эми айыккандардын саны 27 миллион 433 миңден ашты.

216 миң 784 адам каза болуп, 7 миллион 776 миң 224 адамга вирус жуккан Америка Кошмо Штаттарында Covid-19га каршы дарыланып жаткан президент Дональд Трамп Овал кеңсесинин алдындагы видеолуу кайрылуусунда, бир компания тарабынан иштелип чыккан "антитело коктейлинин" ал үчүн абдан пайдалуу болгонун жана  бул дарыны баарына бекер кыла тургандарын айтты.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнөн улам 31 адам каза болуп жалпы 36 миң 61ге жетти. 3 миң 678 жаңы учур менен бирге Ковид-19га кабылгандардын саны 333 миң 940 болду. Италия өкмөтү 15-октябрда мөөнөтү бүтө турган пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаалдын 2021-жылдын 31-январына чейин узартылышын кабыл алды.

Испанияда акыркы бир күндө Ковид-19дан 76 адам каза болуп, адам өлүмү 32 миң 562ге жетти. Бир суткада 10 миң 491 жаңы учур катталган өлкөдө, ооруну жуктуруп алгандардын саны 835 миң 901ди түздү.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 саатта 80 адам каза болуп, жалпы 32 миң 445ке жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны 18 миң 746га көбөйүп 653 миң 509 деп катталды. Бул көрсөткүч эпидемия башталгандан бери күн сайын катталган эң жогорку көрсөткүч болду. Президент Эммануэль Макрон бейтаптардын санындагы рекорддук өсүүдөн кийин чектөө чаралары күчөтүлүшү керек деп билдирди.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 8 адам каза болгонун жана Ковид-19дан улам 944 жаңы учур катталганын кабарлады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 2 миң 40ка, ооруга чалдыккандардын саны 81 миң 256га жогорулады.

Адамдардын өлүмү 9 миң 578ге жеткен Германияда, жуктургандардын саны 310 миң 144тү түздү.

Коронавирус пандемиясынан каза болгондордун саны Чилиде 13 миң 90, Боливияда 8 миң 156, Гватемалада 3 миң 335, Коста-Рикада 1 24, Венесуэлада 665, Бразилияда 148 миң 304, Мексикада 82 миң 726, Англияда 42 миң 515, Перуда 33 миң 9, Колумбияда 27 миң 180, Аргентинада 22 миң 226, Эквадордо жана 11 миң 743 жана Бельгияда 10 миң 108ге жетти.



Тектеш кабарлар