Коронавирус 150 миллион адамды өтө жакырчылыкка түртүшү мүмкүн
Коронавирус пандемиясынын кесепеттери.
Коронавирус пандемиясы 2021-жылга чейин 150 миллион адамды өтө жакырчылыкка түртүшү мүмкүн.
Дүйнөлүк банк 2 жылда бир даярдалган «Жакырчылык жана жалпы бакубаттык» отчеттунун 2020-жылдагы санын "Мүмкүнчүлүктүн тескерисине айланышы" деген ат менен жарыялады.
Отчетто, дүйнөлүк масштабда өтө жакырчылыктын акыркы 20 жылдан бери биринчи жолу 2020-жылы өсүшү күтүлүп жаткандыгына көңүл бурулду.
Ковид-19 пандемиясынын быйыл 88 миллиондон 115 миллионго чейин адамды өтө жакырчылыкка түртөт деп болжолдонгон отчетто, экономикалык кыскаруунун оордугуна жараша бул сандын 2021-жылга чейин 150 миллионго чейин көбөйүшү күтүлүп жаткандыгы белгиленди.
Банктын отчетунда, Ковид-19 пандемиясынын башталышына чейин болсо жакырчылыктын деңгээли быйыл 7,9 пайызга чейин төмөндөйт деп күтүлгөндүгү эске салынды.