Армения армиясы Баку - Тбилиси - Жейхан түтүк жолуна кол салды
Армения армиясынын кол салуусу «террордук кыймыл» деп мүнөздөлдү.
1504158
Армения армиясы Баку - Тбилиси - Жейхан нефть түтүк жолуна ракета менен кол салды.
Азербайжан башкы прокурорлугунан берилген маалыматта Армения армиясынын кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 чамаларында Баку - Тбилиси - Жейхан нефть түтүк жолунун Йевлах облусунан өткөн бөлүгүнө ракета менен кол салгандыгы белгиленди.
Маалыматта кол салуунун Азербайжан армиясы тарабынан алдына алынгандыгы билдирилди.
Баку - Тбилиси - Жейхан нефть түтүк жолунун Европанын энергетика коопсуздугунда маанилүү роль ойногон чоң стратегиялык долбоор экендиги баса белгиленип, Армения армиясынын кол салуусу «террордук кыймыл» деп мүнөздөлдү.