Афганстанда 275 Талиб мүчөсү багынды

Афганстандын түндүгүндөгү Сар-и Пул жана Балх провинцияларындагы 275 Талиб согушкерлери куралдарын таштап, мамлекетке багынышты.

1503881
Афганстанда 275 Талиб мүчөсү багынды

Афганстандын түндүгүндөгү Сар-и Пул жана Балх провинцияларындагы 275 Талиб согушкери куралдарын таштап, мамлекетке багынышты.

Коргоо министрлигинин катчысынын орун басары Фавад Аман басма сөзгө билдиргендей, Сар-и Пул Балхаб районунда 150 согушкер куралы менен мамлекетке багынды.

Аман билдиргендей, багынып бергендердин арасында 15 Талибан командири бар.

Бир тараптан Балх провинциясынын Чаркент районундагы 125 согушкердин мамлекетке багынгандыгын айткан Аман, багынган согушкерлердин кайрадан согушпай тургандыгы тууралуу убада бергендигин  билдирди.

Талиптер бул тууралуу билдирүү жасай элек.

Талиптердин делегациясы менен Афганстандын делегациясы Катардын борбору Дохада Афганстанда бир нече жылдан бери келе жаткан согушту токтотуу үчүн ишин улантып жатканда, массалык багынуунун ушундай мезгилге туш келгени көңүлдү бурууда.



Тектеш кабарлар