Трамп менен жубайынан Covid-19 аныкталды

Трамп Ковид-19га кабылгандыгын Твиттердеги баракчасынан кабарлады.

1501358
Трамп менен жубайынан Covid-19 аныкталды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Дональд Трамп өзүнөн жана жубайы Мелания Трамптан Ковид-19 аныкталганын билдирди.

Трамп Ковид-19га кабылгандыгын Твиттердеги баракчасынан кабарлады.

Билдирүүсүндө Трамп: «Бүгүн кечинде First Lady жана менден Ковид-19 аныкталды. Биз карантин жана айыгуу процессин дароо баштайбыз. Бул процессти чогуу ашып өтөбүз»,-деди.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө да Трамптын дарыгери Шон Конлинин сөз болуп жаткан анализдер тууралуу расмий билдирүүсү бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Трамптын жана анын жубайы Мелания Трамптын акыркы тесттеринде Ковид-19 табылгандыгы кабарланып: «Учурда президенттин жана биринчи айымдын абалы жакшы жана айыгуу процесси учурунда экөө тең Ак үйдүн ичинде үйдө отурушат», деп маалымдалды.

Трамп бир канча күн мурда кеңешчилеринин бири Хоуп Хикстен Ковид-19 аныкталгандан кийин өзү жана жубайынын карантин жараянанын баштай тургандыгын билдирген болчу.

Трамптын жакын кеңешчилеринин бири Хикс акыркы мезгилдерде АКШ президентинин көптөгөн шайлоо сапарларында бирге болгон ысымдарды бири эле.



Тектеш кабарлар