Белорусиянын президенти Франциянын президенти Емануэль Макронго жооп берди

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Франциянын президенти Емануэль Макронду «жетилбген саясатчы» деп мүнөздөдү.

1498590
Белорусиянын президенти Франциянын президенти Емануэль  Макронго жооп берди

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко кызматын таштоосу керектигин айткан Франциянын президенти Емануэль Макронду «жетилбген саясатчы» деп мүнөздөдү. Лукашенко Макрондун өзүнө карата кызматтан кетүү чакыруусуна жооп кайтарды. Александр Лукашенко : «Макрондун принциптер боюнча Париж көчөлөрүндө «сары кемселчендер» митинги башталганда, 2 жыл мурда Франциянын президенттигинен кетиши керек болчу. Жылдар өтүп жатат «сары кемселчендер» али да көчөлөрдө. Урматтуу Макрон кызматта. Франция болсо массалык митингдердин болушуна көнгөн  өлкө болду»,- деди.

Франциянын Марсель жана Лион шаарларындагы мусулмандардын нааразычылыгын эске салган Лукашенко  Макрондун бул группаларга бийликти өткөрүп берүүдө сүйлөшүүлөр үчүн Минсктин платформа болууга даяр экендигин баса белгиледи.

Еммануэль Макрондун Франциянын ички иштери менен алектенүүсү керектигин баса белгилеген Александр Лукашенко : «Тажрыйбалуу бир саясатчы катары «жетилбеген» саясатчы Макронго  айланасына дагы аз кароосу керектигин, мунун ордуна Франциянын ички иштери менен алектенүүсүн сунуш кылам. Өлкөдө чогулган меселелерди чече баштаса дагы жакшы болот»,- деди.

Француз кесиптешинин Белорусиядагы президенттик шайлоодо ашыкчасы менен далилдерди көрсөткөндүгүн белгилеген Лукашенко Макрондун Белорусиянын президенттигине талапкер болгон Светлана Тихановская менен дагы көп алкетенүүсүнүн маселе жаратарын да айтты.

9 - августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко жеңишке жетишкенден кийин "шайлоо манипуляцияланды" деген негиз менен нааразычылык акциялары башталды. Митингчилер жаңы шайлоонун өткөрүлүшү менен бирге  өлкөдө конституциялык өзгөрүүлөрдү талап кылышууда.

Макрон Францияда жумалык жарыяланган JDD гезитине берген маегинде Лукашенконун кызматын таштоосу керектигин айткан.

Белорусиядагы митингчилердин тайманбастыгынан таасирленгенин белгилеген Франциянын президенти Макрон митингдер тууралуу : «Жума сайын жуманын акырында көчөлөргө чыгуунун коркунучтуу экендигин билишкенине карабастан  өлкөгө демократияны алып келүү кыймылын улантышууда»,- деген.



Тектеш кабарлар