Россиянын тышкы иштер министри менен Жавад Зариф Москвада жолугушту

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астана форматы Сириянын конституциялык комитетин түзүүдө маанилүү роль ойногонун билдирди.

1497183
Россиянын тышкы иштер министри менен Жавад Зариф Москвада жолугушту

 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Аcтана форматы Сириянын конституциялык комитетин түзүүдө маанилүү роль ойногонун билдирди.

Сергей Лавров, Россия, Иран жана Түркиянын Сирия Конституциялык Комитетинин иштеши тууралуу  кызматташууну уланта берерин билдирди.

Лавров менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф борбор шаар Москвада жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс - жыйында сөз сүйлөгөн Лавров, Астана форматынын сириялыктар ортосундагы маселелердин чечилиши үчүн түзүлгөндүгүн эске салды.

Лавров Астана форматынын Сирия Конституциялык Комитетинин  түзүлүшүндө маанилүү роль ойногонун баса белгилеп : «Россия, Иран жана Түркия, Сирия Конституциялык Комитетинин иш алып барышы тууралуу кызматташууну улантууда. Бул табигый нерсе. Себеби иштөө процессинде чечилиши керек болгон көйгөйлөр пайда болот»,- деди. 

Ирандын тышкы иштер министри Зариф Астана форматынын Сириянын Конституциялык Комитетин түзүүгө жардам бергенин эске салды. Сирияда коопсуз аймактын түзүлүшүн күткөн Астана форматы 2017 -   жылы май айында Түркия, Россия жана Иран кол койгон келиишим менен ишке кирген.



Тектеш кабарлар