Кытайлык компаниянын вакцинасы 2021-жылдын башында колдонууга даяр болот

"CoronaVac" вакцинасын АКШга, Европа Биримдигине (ЕБ) жана башка өлкөлөргө таратууну көздөп жаткандыктарын билдирди.

1497264
Кытайлык компаниянын вакцинасы 2021-жылдын башында колдонууга даяр болот

Кытайлык SinoVac фармацевтикалык компаниясы коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы иштеп чыккан потенциалдуу вакцина 2021-жылдын башында колдонууга даяр болушу мүмкүн деп жарыялады.

SinoVac компаниясынын башкы жетекчиси Йин Вейдонг клиникалык сыноолордун үчүнчү этабынан өтүп жаткан "CoronaVac" вакцинасын АКШга, Европа Биримдигине (ЕБ) жана башка өлкөлөргө таратууну көздөп жаткандыктарын билдирди.

Кытай өкмөтү 1чи жана 2-этаптагы сыноолордо натыйжалуулугу далилденген жана эч кандай олуттуу терс таасирлери болбогон вакцинанын талапкерин шашылыш абалда колдонууга уруксат бергенине көңүл бурган Йин, өзү менен бирге компаниянын кызматкерлеринин 90 пайызы ыктымалдуу эпидемиянын өндүрүш иш-аракетине таасирин тийгизбеши үчүн вакцинаны сыноо баскычында колдонгондорун айтты.

Формуласында вирустун инактивдештирилген түрүн камтыган вакцинага талапкер үчүн 3-фазасынын клиникалык сыноолору 21-июлда Бразилияда, 11-августта Индонезияда башталган болчу.

Бир тараптан, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 17-сентябрда «CoronaVac» аттуу вакцина талапкеринин Хажеттепе университетинде 3 ыктыярдуу медицина кызматкерлерине сыноо башталгандыгын билдирген эле.

«CoronaVac», Түркиядагы адамдарда сыналган биринчи потенциалдуу Ковид-19 вакцинасы болгон.

Министр Кожа, вакцинага талапкердин алгач 1200 медицина кызматкерине сынала турганын, андан соң 12-13 миңге жеткирүү пландаштырылып жаткандыгын айткан болчу.



Тектеш кабарлар