Мишель карантинде, ЕБ саммити жылдырылды
Мишелдин басма сөз катчысы Баренд Лейтс, өткөн жумада Мишель менен тыгыз байланышта болгон коопсуздук тобунун бир кызматкеринде Ковид-19 табылганын билдирди.
Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлеринин саммити, Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин карантинине жана командасындагы бир кишиде коронавирус аныкталганына байланыштуу 1-2-октябрга жылдырылды.
Мишелдин басма сөз катчысы Баренд Лейтс, өткөн жумада Мишель менен тыгыз байланышта болгон коопсуздук тобунун бир кызматкеринде Ковид-19 табылганын билдирди.
Лейтс, Мишелдин такай тесттерден өткөнүн жана анын мурунку күнкү акыркы тестинин таза чыкканын, бирок Бельгиянын эрежелерине байланыштуу кечээтен баштап карантинге барышы керектигин белгиледи.
Лейтс: «Европа Кеңешинин төрагасы Мишель 24-25-сентябрга пландалган ЕБнин саммитин 1-2-октябрга жылдырууну чечти»,-деди.
Саммитте Европа Биримдигинин лидерлеринин, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Түркия-ЕБ карым-катнаштары менен бирге Кытай, Ковид-19 чаралары жана экономикалык саясаттарды карап чыгышы күтүлүүдө.