COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылуусу уланып жатат.

1491679
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
o brasil do coronavirus.jpg
SPR corona.jpg
SPR Londra corona.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 939 миң 200дөн ашты. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 30 миллионго жакындап, айыгып кеткендердин саны 21 миллион 444 миң 720дан ашты.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 200 миң 197, вирусту жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 788 миң 147 деп катталды.

Бразилияда дагы 1 миң 201 адамдын каза болушу менен өлкөдө вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны 133 миң 207ге, ооруга кабылгандардын саны болсо 38 миң 689га көбөйүп 4 миллион 384 миң 299га жетти.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан 629 адам көз жумуп жалпы 71 миң 678ге жогорулады. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 4 миң 771ге көбөйүп 676 миң 487 адамды түздү.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун жаңы түрүнөн улам 9 адам каза болуп жалпы 35 миң 633кө жетти. 229 жаңы учур менен бирге Ковид-19га кабылгандардын саны 289 миң 990 болду.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде дагы 49 адам каза болуп жалпы 30 миң 999ду түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 7 миң 852ге көбөйүп 395 миң 104кө жетти.

Испанияда акыркы жумада Ковид-19дан 303 адам көз жумуп жалпы 30 миң 4кө жогорулады. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 9 миң 437 жаңы учур катталганын, жуктуруп алгандардын саны 603 миң 167ге жеткенин билдирди.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 4 адамдын каза болгонун жана Ковид-19дан улам 425 жаңы учур катталганын жарыялады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 875 миңге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 65 миң 21ге жетти.



Тектеш кабарлар