Ооганстанда кол салуулар тыйыла элек

Ооганстандагы эки кол салуудан 7 жаран каза болду.

1486485
Ооганстанда кол салуулар тыйыла элек

Ооганстандагы эки кол салуудан 7 жаран каза болду.

Ооганстандын Урузган провинциясында бомбалуу кол салуудан бир жаран каза болду.

Урузган губернаторлугунун басма сөз катчысы Зилгей Ибади, басма сөзгө берген маалыматында Чинарту районунда жолдун боюна коюлган бомбанын жарандарды ташыган унаа аймактан өтүп бара жатканда жарылгандыгын айтты.

Ибади кол салууда бир жаран каза болуп, бир жаран жаракат алганын билдирди.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти моюнга алган жок.

Нангархар провинциясынын Ширзад районунда Талибан согушкерлери аткан минометтун огунан 6 жаран каза болуп, 4 бала жаракат алышты.

Азырынча Талибан тараптан эч кандай билдирүү жасала элек.



Тектеш кабарлар