Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 887 миң 596 адамды түздү.
Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 887 миң 596 адамды түздү. Жуктуруп алгандардын саны 27 миллион 296 миңден, ал эми айыгып чыккандардын саны 19 миллион 379 миңден ашты.
Ковид-19 эпидемиясынан эң көп таасир алган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 193 миң 250дөн ашык адам каза болуп, коронавируска чалдыккандардын саны 6 миллион 460 миңден ашты.
Бразилияда акыркы 24 саатта 447 адамдын өлүмү менен, вирустун айынан каза болгондордун саны 126 миң 650ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 14 миң 521ге көбөйүп, 4 млн 137 миң 521ге жетти.
Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан каза болгондордун саны 232ге көбөйүп, 67 миң 558ге, жуктуруп алгандардын саны 4 миң 614кө көбөйүп, 634 миң 23кө жетти.
Австралияда Ковид-19дан каза тапкан адамдардын саны 762ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 26 миң 319га жетти.