Япониядагы Хайшен тайфуну

Япониянын түштүк  - батышындагы Кюсю аймагын таасири астына алган Хайшен тайфунунан улам 17 киши жараланды.

1486169
Япониядагы Хайшен тайфуну

Япониянын түштүк  - батышындагы Кюсю аймагын таасири астына алган Хайшен тайфунунан улам 17 киши жараланып, аймакта 8 миллиондон ашуун кишинин эвакуацияланышы талап кылынды.

Киодо агенттигинин билдиргенине караганда Хайшен тайфунуна карата аймактын түндүгүндөгү 5 жана түштүгүндөгү 2 провинцияда эвакуциялоого чакыруу жасалды.

Япониянын метеорология агенттигинин (JMA) кызматкерлери тургундардан катуу жамгырдан, катуу шамалдан жана  бороон толкундарынан сак болушун суранды.

Кагосима, Кумамото, Миязаки жана Нагасакиде 17 адам жаракат алса, 142 миң үйдүн электри үзгүлтүккө учурады. Кюсю шаарында 8 миллиондон ашуун адамга эвакуациялоо буйругу чыгарылды.

Миязаки муниципалитети чукул чогулуу борборлорунун көлөмүнүн 50 пайыз толгонун, жаңы тип коронавируска карата социалдык аралык чараларынын негизинде дагы көп кишинин кабыл алынбай тургандыгын билдирди.

Инфраструктура министрлиги суу ташкындарына каршы 11 провинцияда  73 суу сактагычтын суусунун бошотулгандыгын жана июль айында 14 киши каза болгон суу ташкынына себеп болгон Кума дарыясынын кайрадан ташуу коркунучунун бар экендигин билдирди.

Япония аба жолдору менен All Nippon Airways аймакта 300дөн ашуун учак каттамынын токтотулгандыгын, Кюсю темир жолдору менен Батыш Япония темир жолдору менен кээ бир жерлерде темир жол каттамдарынын убактылуу токтотуларын белгиледи.

Хайшен тайфунунун бир жуманын ичинде Япониянын батыш  жээгинен Корея жарым аралына барышы күтүлүүдө.

Хайшен тайфуну Түштүк Кореянын порт шаары Бусандын түндүгүндө Улсанды таасир астына алды. Йонхап агенттинин кабарына караганда Корея метеорология мекемеси Хайшендин Улсандын 30 километр түштүк батышында кургатыкка жакындай баштагандыгын жарыялады.Аймакта абдан катуу жамгыр жаашына жол ачышы күтүлүп жаткан Хайшендин максимум шамал ылдамдыгынын саатына 126 километрге жеткендиги тууралуу эскертилди.

Электр үзгүлтүктөрүнө, учак каттамдарынын токтотулушуна жана 900дөн ашуун аймак тургунунун эвакуацияланышына себеп болгон Хайшендин 24 саатта таасирин жоготуп, тропикалык бороон категориясына түшүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар