COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылышы токтой элек.

1484604
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid19 guney afrika
Süper Covid.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумгандардын саны 873 миң 300 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 26 миллион 475 миң 570, ал эми айыккандардын саны 18 миллион 665 миң 740 деп катталды.

191 миң 58 өлүм менен пандемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) вируска кабылгандардын саны 6 миллион 335 миң 244 болду.

Бразилияда акыркы бир күндө 834 адам көз жумуп, өлкөдө вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны 124 миң 729га, ал эми жуктуруп алгандардын саны 43 миң 773кө көбөйүп 4 миллион 46 миң 150гө жетти.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан дагы 513 адам каза болуп жалпы сан 66 миң 329га жетти. Өлкөдөгү жуктурган учурлардын саны болсо 5 миң 937ге көбөйүп 616 миң 894кө жогорулады.

41 миң 527 өлүм менен пандемиянын Европадагы чордону болгон Англияда, акыркы 24 саатта дагы 735 жаңы учур катталып, жуктуруп алгандардын саны 340 миң 411ге жетти.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун жаңы түрүнөн улам 10 адам каза болуп, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 35 миң 507ни түздү. 1397 жаңы учур менен бирге Ковид-19га кабылгандардын саны 272 миң 912 болду.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде дагы 20 адамдын каза болушу менен жалпы сан 30 миң 706 деп катталды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 7 миң 157ге көбөйүп 300 миң 181ге жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы жумада 191 адам көз жумуп, илдеттен каза тапкандардын саны 29 миң 234кө жетти. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 8 миң 959 жаңы учур катталганын, ооруну жуктуруп алгандардын саны 488 миң 513кө жеткенин жарыялады.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 2 адам каза болгонун жана Ковид-19дун айынан 418 жаңы учур катталганын жарыялады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 829 миңге, ал эми жуктуруп алгандарды саны 59 миң 51ге жлгорулады.

Австралияда Ковид-19дан 24 сааттын ичинде 59 адам көз жумуп бир күндө эң көп өлүм катталды жана вирустан каза тапкандардын саны 737ге жетти.



Тектеш кабарлар