Мармоладагы мөңгүлөр жок болуу коркунучунда

Альп тоолорунун Италия бөлүгүндө калган Мармолада мөңгүсү глобалдык ысыктыктын айынан 15 жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүн экени белгиленди.

1483581
Мармоладагы  мөңгүлөр жок болуу коркунучунда

Альп тоолорунун Италия бөлүгүндө калган Мармолада мөңгүсү глобалдык ысыктыктын айынан 15 жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүн экени белгиленди.
.Мармолада мөңгүсүн изилдегенден кийин Италия басма сөзүнө маалыматтарды берген Падова университетинин окумуштуулары аймактагы кырдаалдын «кескин» экендигин билдиришти.

Мөңгүлөрдө георадардык изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан доцент Алдино Бондесан : «Акыркы 70 жылда мөңгү көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгын жоготту. Анын көлөмү 1954 - жылы 95 миллион кубометрди түзгөн болсо, азыр 14 миллион кубометрди түзүүдө. Анын жок болуп кетиши тууралуу болжолдор жакындап келе жатат.  Мөңгү 15 жылдан ашык тура албайт",- деп билдирди.

Италиялык илимпоздор кылымдын аягында Альп тоолорундагы бардык мөңгүлөрдүн жок болуп кетиши мүмкүн экендигине көңүлдөрдү бурушууда.

 



Тектеш кабарлар