Токойлордун кыйратылышы жаңы пандемияларды чыгарышы мүмкүн

Окумуштуулар токойлордун тез кыйрашы жана биотүрдүүлүктүн азайышынын натыйжасында өлүмчүл пандемиялардын пайда болушу мүмкүн деп эскертүүдө.

1482178
Токойлордун кыйратылышы жаңы пандемияларды чыгарышы мүмкүн

Окумуштуулар токойлордун тез кыйрашы жана биотүрдүүлүктүн азайышынын натыйжасында өлүмчүл пандемиялардын пайда болушу мүмкүн деп эскертүүдө.

Англис тилиндеги The Observer гезитинин кабарына караганда окумуштуулар  келерки айда АКШнын Нью – Йорк шаарында өткөрүлө турган БУУнун саммитинде дүйнө лидерлерин да эскертишет. Экологиянын  кыйратылышы менен жаңы тип коронавирус эпидемиясы сыяктуу жаңы эпидемиялардын түздөн түз байланыштуу экендиги тууралуу далилдерди көрсөтөт.

Токойлорду ылдам түрдө  кыйратуу, дыйканчылык аянттарынын көзөмөлгө алынбастан кеңейтилиши, алыскы аймактарга шахаталардын курулушу, жапайы жаныбарлардын азык-түлүк, салттуу дары же экзотикалык үй жаныбарлары катары эксплуатацияланышы, оорунун жапайы турмуштан адамдарга түздөн түз өтүшү үчүн «кемчиликсиз бороон» ролун аткарууда.

Ортого жаңы чыккан оорулардын дээрлик үчтөн бир бөлүгүнүн жер аянттарынын колдонулушундагы өзгөрүүлөрдөн чыккандыгы айтылууда. Мунун натыйжасында да окумуштуулар жыл сайын дүйнө калкына таасирин тийгизе турган беш же алты жаңы пандемиянын ортого чыгышы мүмкүн экендигин айтышууда.

Жыл сайын пальма дарагын тигүү, бодо мал фермасын салдыруу, нефть чыгаруу жана шахталарды куруу үчүн  он миллиондогон гектарлык жамгыр токойу жана табигый турмуш аянтынын бульдозерлор менен жок кылынганы болжолдолууда.

Бул да азырынча илимий жактан аныктала албаган сансыз вирус жана бактериялар болгон өсүмдүк жабуусунун, табигый турмуштун жок болушуна себеп болууда. Бул микробдор андан кийин кокусунан адамдар жана ферма жаныбарларына жугушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар