Багдат эл аралык аэропортуна жакын жерде ракеталык кол салуу болду

Кол салууда каза болгон же жаралангандардын болбогондугу билдирилди.

1481912
Багдат эл аралык аэропортуна жакын жерде ракеталык кол салуу болду

Ирактын борбор шаары Багдаттагы эл аралык аэропорттун жакынында катюша ракеталары менен кол салуу жасалды.

Коргоо министрлигине караштуу Коопсуздук информация департаментинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта  Багдат эл аралык аэропортунун жакынына 2 катюша ракетасынын атылгандыгы маалымдалды.

Кол салууда каза болгон же жаралангандардын болбогондугу билдирилди бирок  окуя тууралуу кенен маалымат берилген жок. Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар