Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус
Ковтд - 19 Чыгыш өлкөлөрүндө дагы дееле таасирдүү болуп жатат.
Жалпы дүйнөдө коронавирустун айынан каза болгондордун саны 836 49га жогорулады. Вирус жуккан киши саны 24 миллион 650 000, айыккан киши саны 17 миллион 107 000 болду.
Индияда 1057 кишинин дагы каза болушу менен Ковид - 19дан каза болгондордун саны 61 725кe жогорулады. Өлкөдө акыркы 24 саатта 77 266 жаңы учур катталды. Жалпы бейтап саны 3 миллион 392 000ге жетти.
Россияда Ковид - 19дан каза болгондордун саны 16 914к-6 вирус жуккан бейтап саны да 980 405ке жетти.
Акыркы 24 саатта Кытайда 9, Түштүк Кореяда 371 жаңы учур катталды.
Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 254кө көбөйүп, 28 910го жетти. Бейтап саны да 1 миллион 225 000ден жогорулады. Ушул күнгө чейин Ковид - 19дан эң көп киши каза болгон өлкө Түштүк Африка болду жана андан кийин 5 342 кишинин каза болушу менен Егиепт, 1475 киши менен Алжир келди.