Афганстанда болгон жардыруу

Афганстандын түндүгүндөгү Кандахар аймагында бири биринин артынан болгон эки башка кол салууда 13 жаран каза болду.

1480958
Афганстанда болгон жардыруу

Афганстандын түндүгүндөгү Кандахар аймагында бири биринин артынан болгон эки башка кол салууда 13 жаран каза болду.

Кандахар губернаторлугунун катчысы Бахир Ахмади массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө Кандахардын Спин Булдак районунда жол жээгине жайгаштырылган эки бомбанын жарандарды ташыган эки унаа өтүп бара жатканда жардырылганын айтты.

Кол салууда 13 жарандын каза болгонун айткан Ахмади  каза болгондордон үчөөсүнүн бала экендигин белгиледи. Ахмади кол салууларда 3 жарандын да жараланганын айтты. Кол салууларды азырынча эч ким моюнга ала элек.

Нангархар аймагындагы бомбалуу кол салууларда да 2 жаран каза болду.

Нангархар губернаторлугунун катчысы Атауллах Хогяни  Хогяни районуна караштуу Везиру айылында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын бир ата бала өтүп бара жатканда жарылганын айтты.

Хогяни жарылууда ата менен баланын каза болгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар