Кытай Байдендин жеңишин каалайт
Трамп бул тууралуу өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирүү жасады.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп, Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жана кытайлык жетекчилердин, өлкөсүндө 3-ноябрда боло турган президенттик шайлоодо Демократ атаандашы Жо Байдендин жеңишке жетишүүсүн каалап жатышкандарын айтты.
Дональд Трамп бул тууралуу өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирүү жасап: «Соңку абал: Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жана кытайлык лидерлер, Байдендин АКШдагы шайлоодо жеңишке жетишүүсүн каалап жатышат. Эгерде андай болсо Кытай биздин өлкөгө ээлик кылат бирок андай болбойт»,-деди.
Байдендин Кытайдын колдоосу менен шайлоодогу жеңишинин экономикалык натыйжаларына да көңүл бурган Трамп: «(Байден шайлоону жеңип чыкса) Биздин рекорддук биржабыз толугу менен кыйрайт»,- деген пикирин жактады.
Трамп коронавирус пандемиясына жооптуу деп эсептеген Кытайга карата кескин кадамдарды таштап, Демократ атаандашы Жо Байденди "кытайчыл" деп айыптоодо.