Коронавирус дүйнөнү бушайман кылууда

Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

1478561
Коронавирус дүйнөнү бушайман кылууда

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 817 миң 606ны түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 23 миллион 836 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 16 миллион 379 миңден ашты.

Пандемиядан эң көп жабыр тарткан өлкө АКШда Ковид-19дан каза болгондордун саны 181 миң 117 деп катталды. Вирусту жуктурган адамдардын саны болсо 5 миллион 915 миң 630га жогорулады.

Ковид-19 пандемиясынан эң көп жапа чеккен экинчи өлкө Бразилияда акыркы 24 саатта дагы 565 адам көз жумуп, илдеттен каза болгондордун жалпы саны 115 миң 451ге жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардынн саны болсо 3 миллион 627 миң 217ни түздү.

Мексикада пандемиянын кесепетинен акыркы суткада 320 адам көз жумду жана Ковид-19дан каза тапкандардын жалпы саны 60 миң 800 адам болду. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 563 миң 705ге жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда каза болгондордун саны 41 миң 433, жуктурган учурлардын саны болсо 326 миң 614 деп катталды.

Италияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 4 адам көз жумуп жалпы 35 миң 441ге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 953 жаңы учур менен бирге 260 миң 298ге көбөйдү.

Австралияда дагы 8 кишинин өлүмү менен Ковид-19дан 525 адам каза болду. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 25 миң 64кө жетти.

Германияда пандемиянын айынан 9 миң 336 өлүм катталды.  

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19дун кесепетинен каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Франция 30 миң 528, Испания 28 миң 872, Перу 27 миң 813, Колумбия 17 миң 612 жана Чили 10 миң 916.



Тектеш кабарлар