Трамп Калифорниядагы өрттү "чоң кырсык" деп жарыялады

Би-Би-Синин билдирүүсүнө ылайык, Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюом, Трамптын кырсык жөнүндө декларациясы тууралуу маалымат берди.

1477639
Трамп Калифорниядагы өрттү "чоң кырсык" деп жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп «чоң кырсык» деп жарыялаган  Калифорнияда болуп жаткан өрттөргө федералдык жардамды бекитти.

Би-Би-Синин билдирүүсүнө ылайык, Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюом, Трамптын кырсык жөнүндө декларациясы штаттагы өрттөн жапа чеккен адамдарга кризис боюнча кеңеш берүү, баш калкалоочу жай жана башка социалдык кызматтар жагынан жардам берет деп билдирди.

Ньюом, Твиттердеги билдирүүсүндө өрттөр буга чейин болуп көрбөгөндөй айырмаланып тургандыгын белгилеп,«Эгер сиз климаттын өзгөрүшүнө ишенбесеңиз, Калифорнияга келиңиз», деп бөлүштү.

Штатта 400 миң гектар жер талкаланып жатканда, 14 миңден ашуун өрт өчүргүчтөр 585 пунктта өрт өчүрүүгө аракет кылып жатышат.

Ал ортодо өрттөн каза тапкандардын саны 6 адамга жетип, 43 адам, анын ичинде өрт өчүргүчтөр жаракат алышты.

Миңдеген адамдар үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон штатта эң акырында Сан-Хосе шаарынын жанындагы Бей районунда жашаган миңдеген адамдарга эвакуациялоо буйругу чыккан.

Калифорниянын байыркы мамлекеттик паркы болгон Big Basin тарыхый борбору күл болуп,өрттөр 2000 жаштагы алдер дарактарын өрттөп кетти.



Тектеш кабарлар