Түрк Кызылайы Ливанга жардамдарын улантууда

Түрк Кызылайы ушул оор мезгилде Ливанды жалгыз калтырбайт.

1473973
Түрк Кызылайы Ливанга жардамдарын улантууда

4-августтагы жарылуудан кийин Ливанга барган Түрк Кызылайынын тобу, окуя болгон Бейрут портуна жакын аймактар менен бирге шаардагы элге жардам көрсөтүүсүн улантууда.

Түрк Кызылайынын башкы директорунун кеңешчиси Йасир Фетен, жарылуу болгон алгачкы учурдан баштап издөө-куткаруу иштери үчүн Ливанга барган Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) жана Саламаттык сактоо министрлигинин топтору менен аймактагы гуманитардык жардам иштерин баштагандарын айтты.

Түркиядан аскердик жүк ташуучу учак менен жөнөтүлгөн жардамдардан тышкары ал жерден камсыздашкан азык-түлүктөр менен да жардамга муктаж ливандыктарга колдоо көрсөтүүгө аракет кылгандарын билдирген Фетен, ушул оор мезгилде Ливанды жалгыз калтырбай жардамдарын уланта тургандарын айтты.

4-августта Бейрут портунда жарылуучу заттар сакталган кампада өрт чыгып, андан кийин шаарды титиреткен катуу жарылуу болгон. Жарылууда 179 адам каза болуп, болжол менен 6 миң адам жаракат алган, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон.



Тектеш кабарлар