Чыгыш өлкөлөрүн бушайман кылган коронавирус...

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 711 миң 674дөн ашты.

1468226
Чыгыш өлкөлөрүн бушайман кылган коронавирус...
covid19 guney afrika
covid-19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 711 миң 674дөн ашты. Жуктуруп алгандардын саны 19 миллион 2 миң, айыгып кеткендердин саны 12 миллион 189 миңди түздү.

Акыркы 24 саатта Ковид-19 күчөгөн Индияда дагы 904 адам каза болду. Ошентип, өлкөдө Ковид-19дан каза болгондордун саны 40 миң 772ге чейин көбөйүп, жуктурган учурлардын жалпы саны 1 миллион 967 миң 700 адамды түзгөн. Алгачкы аныктамалар боюнча, өлкөнүн батышындагы Гуджарат штатында Ковид-19 оорулуулары дарыланып жаткан ооруканада чыккан өрттөн 8 адам көз жумган.

Россияда эпидемиядан каза болгондордун саны 14 миң 606 болсо, 871 миң 894 адам бул илдетке чалдыккан.

Иранда Ковид-19дан 17 миң 976 өлүм катталып, 320 миң 117 жуктурган учур катталды.

Эпидемиядан каза болгондордун саны Пакистанда 6 миң 35, Индонезияда 5 миң 452, Иракта 5 миң 94 жана Сауд Аравияда 3 миң 20 адам катталды.

Африка континентинде вирустун айынан каза болгондордун саны 536 кишиге көбөйүп, 21 миң 679 болду. Континентте жуктуруп алгандардын саны 997 миң 350гө чейин көбөйдү. Ковид-19дан эң көп жоготуулар Түштүк Африкада 9,298 өлүм менен, Египетте 4,930 адам жана Алжирде 1261 адам менен болгон.

Акыркы 24 саатта Кытайда 37, Түштүк Кореяда 43 жаңы Ковид-19 жуктурган учуру катталды.



Тектеш кабарлар