COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1467298
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны 705 миң 23төн ашты. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 18 миллион 731 миңге, айыгып кеткендердин саны болсо 11 миллион 925 миң 944кө жетти.

160 миң 323 адам каза болуп, 4 миллион 918 миң 770 кишиде вирус аныкталган АКШда президент Дональд Трамп каза болгондордун жана жуктургандардын саны боюнча өлкөсүнүн биринчи орунда турганына "Адамдар өлүп жатат, бул чындык. Бирок бул биздин колубуздан келгенди жасабаганыбызды билдирбейт. Пандемия биздин өлкөдө башкара алгандай деңгээлдеги көзөмөлдө. Бул коркунучтуу илдет» деп сереп салды. Ковид-19га чалдыккан Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси О'Брайендин акыркы эки тесттинин таза чыккандыгы жана өз кызматына кайтып келгендиги билдирилди.

Бразилияда акыркы 24 саатта 1 миң 154 кишинин өлүмү менен бирге Ковид-19дан каза болгондордун саны 96 миң 96га, ал эми жуктуруп алгандардын саны 51 миң 603кө көбөйүп, 2 миллион 808 миң 76га жетти.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан каза болгондордун саны 857ге көбөйүп жалпы 48 миң 869га жогорулады. Өлкөдө ооруга чалдккандардын саны 6 миң 148 жаңы учур менен бирге 449 миң 961 болду.

Пандемиянын Европадагы чордону Британияда вирустан каза болгондордун саны 46 миң 299, жуктуруп алгандардын саны 306 миң 293 деп катталды.

209 адам көз жумган Грецияда акыркы 24 саатта илдетке чалдыккандардын саны 121ге көбөйүп, 4 миң 855ке жетти. Өлкөдө жабык жерлер менен бирге кеме палубалары сыяктуу кээ бир ачык аянттар да ​​маска тагуу милдетине кошулду.

Вирустан каза болгондордун саны Италияда 35 миң 171, Францияда 30 миң 296, Испанияда 28 миң 498, Канадада 8 миң 958 жана Австралияда 247 болду.



Тектеш кабарлар