Израилдин тышкы иштер министри : "Америкалыктар жана башка эч ким аннексиядан сөз кылбай калды"
Израилдин тышкы иштер министри Габи Ашкенази басып алынган Батыш Шерианын кээ бир бөлүктөрүн аннексиялоо планы күн тартибинен түшкөнүн айтты.
Израилдин тышкы иштер министри Габи Ашкенази Израиль армиясынын радиосуна берген маалыматта : «Америкалыктар жана башка эч ким аннексиядан сөз кылбай калды»,- деди.
Израилдик бир министр болсо бүгүн берген маалыматында АКШ башкаруусунун жаңы тип коронавирус эпидемиясы менен алектенип, Тель Авивдин «аннексия» планына көңүл бура албай жатканын айткан.
АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху менен 28 - январда Ак үйдө билдирген Ортоңку Чыгыш Тынчтык Планында Батыш Шериадагы мыйзам тышы еврей отурукташуу жерлеринин «Израилдин жери» катары кабыл алынышы жана Тель Авив башкаруусунун Палестинага таандык Иордания өрөөнү аркылуу үстөмдүгүн улантуу беренелери орун алган.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.