ДСУ: «Ковид-19 сасык тумоо сыяктуу эмес»

ДСУнун өкүлү Маргарет Харрис «жай мезгилдеринин келиши менен пандемиянын таасири азаят» деп ойлогондорду эскертти.

1463455
ДСУ: «Ковид-19 сасык тумоо сыяктуу эмес»

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДСУ) коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) сасык тумоо сыяктуу эмес экендигин, пандемияда "бир жана чоң толкун" бар экендигин жарыялады.

ДСУнун өкүлү Маргарет Харрис, «жай мезгилдеринин келиши менен пандемиянын таасири азаят» деп ойлогондорду эскертип, "Ковид-19" мезгилдик тенденциялардан кийинки сасык тумоо сыяктуу эмес деп билдирди.

Видеоконференция аркылуу билдирүү жасаган Харрис тоготпостукка каршы эскертип: «Адамдар дагы деле жыл мезгилдерин ойлоп жатышат. Барыбыз түшүнүшүбүз керек «бул жаңы вирус жана ал башкача жүрөт»,-деди.

Пандемиянын экинчи же үчүнчү толкундары жөнүндөгү ойлорго да токтолгон Харрис: «Бул чоң толкун болот. Ал көтөрүлөт жана бир аз түшөт, эң жакшы нерсе - аны горизонталдуу кылуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар