Иракта өкмөткө каршы митингдер болду

Митингде коопсуздук күчтөрү чыныг ок колдонуп, 2 киши каза болду.

1462536
Иракта өкмөткө каршы митингдер болду

 Ирактын борбор шаары Багдатта өкмөткө каршы митингдер кечээ кечки сааттарда кайрадан күч алып, коопсуздук күчтөрү ок атып 2 киши каза болду.

Жергиликтүү булактар жана көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Багдаттын борборундагы Тахрир аянтында кайрадан башталган митингдерде коопсуздук күчтөрү чыныгы ок колдонду, 2 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Митингге чыккан кээ бир кишилер окуя болгон жерде түз эфир жарыялап жана каза болгон кишилерди жакын жерлердеги ооруканаларга алып баруу үчүн келген тез жардам унааларынын аянтка киришине коопсуздук күчтөрүнүн тоскоол болгонун билдиришти.

Ирактык жарандык активисттер социалдык медианын арачылыгы менен премьер  - министр Мустафа ел  - Казымиге окуяга кийлигишүүсүн талап кылышты.

Өкмөттөн азырынча эч бир маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар