Серраж Катардын тышкы иштер министри менен Стамбуда жолугушту

Ливия менен Катар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү үчүн келишти..

1461347
Серраж Катардын тышкы иштер министри менен Стамбуда жолугушту

Ливия менен Катар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү үчүн келишти..

Ливиянын премьер-министринин байланыш кызматынын билдирүүсүндө премьер-министр Фаиз эс-Серраж жана Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Санинин Стамбулда жолугушкандыгы билдирилди.

Ливиядагы акыркы окуялар жана эки тараптуу карым  - катнаштар талкууланганы белгиленген билдирүүдө тараптар Ливия кризисин саясий жол менен чечүү, Сухейрат келишиминин (2015-жылдын декабры), Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларынын жана Берлин конференциясынын (2020-жылдын январь) маалыматтарына ылайык келиши керектигин баса белгилешти.

Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун бир топ тармакта жандантуу керектиги тууралуу келишкени да белгиленди.  



Тектеш кабарлар